Маданият

Мерьем Узерли Кыргызстанда сериалга тартылып, башкы ролду жаратуусу күтүлүүдө

Белгилүү немис-түрк актрисасы Мерьем Узерлини ырчы Анжелика телесериалга тартууну пландоодо. Азыркы тапта сүйлөшүүлөр болуп жатканы Анжелика айым тарабынан белгилүү болду.

«Мен продюсерлик кылган телесериал жакында экранга чыгат. Алдыда реалдуу жашоону баяндаган дагы башка телесериал тартууну пландап жатабыз. Анда дагы продюсер болом. Ошол сериалда башкы ролду Мерьем Узерли жаратса деген планым бар. Белгилүү актриса сценарий жакса тартылууга макулдугун белгиледи. Азыркы тапта гонорар жана башка маселелерди сүйлөшүп жатабыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келип, маалымат жыйын өткөрдү.

Анда ырчы Анжелика Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлорго катышуу үчүн берген сунушу боюнча актрисанын оюн сурады. Өз кезегинде Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүндөгү долбоорлордо кандайдыр бир образга кубануу менен тартыларын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button