Садыр Жапаров Түркиянын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кечээ, 10-сентябрда, Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октайды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу жана алгылыктуу маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле Соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынынын жыйынтыгын жана кыргыз-түрк бизнес-форумун талкуулашты.

Мамлекет башчысы, дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргызстан менен Түркия эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамлекеттер ортосундагы кызматташуунун бекем пайдубалын түптөшкөнүн өзгөчө белгиледи. Кыргыз тарап мындан ары дагы эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен биргелешкен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр.

Ал бүгүн болуп өткөн эки тараптуу иш-чаралар, анын ичинде кыргыз-түрк бизнес-форуму биргелешкен соода-экономикалык өнөктөштүктү өстүрүүгө өбөлгө болоруна ишеним артты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап стратегиялык мүнөзгө ээ болгон эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга кызыктар экенин белгиледи. Өз кезегинде, Түркиянын вице-президенти Фуат Октай кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоду.

Ал Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар эки тарап менен тең жемиштүү ишке ашырылып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Фуат Октай үстүбүздөгү жылдын 8 айында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн оң динамикасы байкалганын, тараптар аны акырындык менен жылына 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү ниетинде экенин белгиледи.

Түркия вице-президенти саламаттыкты сактоо, билим берүү, энергетика, кен пайдалануу жана эки тарапка кызыкчылык туурдурган башка тармактарда биргелешкен кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.