Окуялар

Баткенде жол кырсыгынан эки адам каза болду

Баткен облусунун Лейлек районунда Исфана — Кайрагач унаа жолунун 13-чакырымында Honda Stepwgn жана Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1991-жылы туулган Х.А. жана 1978-жылы туулган М.Т. аттуу эки эркек каза болуп, 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Жерине Л 3 куткаруучу тартылып, унаада кыпчылып калган адамдын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button