ИИМ: Түзөтүү мекемесинин аймагында киши өлтүрүүгө шектелген жаран аныкталды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринин аймагында жасалган өзгөчө оор кылмыштын бетин ачышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 1-декабрында Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан ЖАМКтын 1-мекемесинин аймагында күйүп жана асылып турган маркумдун денеси табылган, анын өздүгү аныкталып, ал соттолгон 1996-жылы туулган У. уулу Э. болуп чыккан.

Аталган факты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү (Киши өлтүрүү) менен катталган.

Дээрлик эки жыл мурда  болгон бул оор кылмыштын бетин  ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын кызматкерлери   биргеликте ачышты.

Бул иш коомдук резонанс жараткан жана оор кылмыш болгондугуна байланыштуу аны иликтөөнү ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери колго алышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда бул оор кылмышка Чүй облусунда 1994-жылы туулган Ж. уулу Т.нын тиешеси бар экендиги аныкталган, ал учурда ар кандай оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолуп жазасын өтөп жаткан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, Ж. уулу Т. 2017-жылы төмөнкү беренелер боюнча соттолгон (Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 164-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту, 167-беренесинин 4-бөлүгү, 241-берененин 4-бөлүгү). Учурда    Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинде жазасын өтөөдө.  “Общаковскийлер” деп аталган терс маанайдагы соттолгондордун бири  жана “жолугушуу бөлмөсүнүн” көзөмөлчүсү болот. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат.

Бул киши өлтүрүү фактысы эң татаал кылмыштардын категориясына кирген, бирок ыкчам кызматкерлер шектүүнү аныктоосу мүмкүн болду. Бул иш боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган шектүүнүн катыштыгы бар дагы бир кылмыштын бети ачылды. Бирок анын чоо-жайы азырынча ачыктала элек.

  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө  мурда бир нече жолу соттолгон, Чүй облусунунда 1994-жылы туулган жаран Ж.уулуТ.га Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелгендиги тууралуу кабарлама тапшырылды. 

Учурда бул кылмышка башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.