Путиндин айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталып, ал обочолонууга кетти

Россия президенти Владимир Путин анын айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганына байланыштуу обочолонууга кетти. Бул тууралуу РИА “Новости” агенттиги билдирди.

Путин 15-сентябрда Душанбеде боло турган ШКУ саммитине келбей турганы белгилүү болду. Ал жыйынга онлайн катышат.

69 жаштагы Владимир Путин жазында Россия өндүргөн “Спутник V” вакцинасы менен эмделгени белгилүү болгон. Ал былтыр коронавирустан улам бир нече ай аралыктан иштеп, коомдук иш-чараларга катышкан эмес.

Путиндин жанында жүргөн кайсы кишиден вирус аныкталганы так айтылган жок.

19-сентябрда Россияда Мамдумага шайлоо өтөт. Буга чейин Россия президенти добуш берүүгө катыша турганы айтылган.