Бишкекте окуучулар менен мугалимдерди дарыгерлер күн сайын текшерип турат

Бишкектеги орто мектептирдин баарында медициналык пункттар ачылып, окуучулар менен мугалимдер күн сайын текшерилип турушат. Бул туурасында республикалы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын административдик укуктук бөлүмүнүн башкы адиси Чинара Исакова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы бардык орто мектептерде медициналык пункттар ачылып, атайын бекитилген дарыгерлер жана медайымдар иштей башташты. Алар мектеп окуучуларын жана кызматкерлерди санитардык талаптарга ылайык күн сайын текшерип турушат.

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын карамагында 97 орто мектеп бар. Бул мектептерде алдын ала маалыматтар боюнча 170 миңге жакын окуучу окуп жатат жана 7000ден ашуун мугалим иштейт. Бүгүнкү күндө мугалимдердин 60 пайызы эмделген.