Дүйнө

Афганистанда «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү бийлик талашып чатакташып жатканы айтылды

Афганистанды басып алган «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү ич ара бийлик талашып чатакташып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн вице-премьер-министри Абдул-Гани Барадар менен миграция министри Халил ал-Рахман Хаккани жана алардын тарапташтары ортосунда бийликтеги орундар боюнча жаңжал орун алган. Барадар Афганистан Ислам Эмиратынын өкмөт мүчөлөрүн бардык этносторго, ошондой эле аялдарга берүүнү көздөгөн. Мындан улам жаңжал орун алып, вице-премьер Кандагарга кетип калганы айтылды.

«Талибан» кыймылы буга чейин Афганистандын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялаган эле.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button