Окуялар

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында окуучулар ортосунда массалык мушташ катталды

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында окуучулар ортосунда массалык мушташ катталды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма жерлигинде мектептен кайтып келе жаткан төрт кыргыз окуучусун 30га жакын тажик айылынын 11-классынын окуучулары ур-токмокко алган. Натыйжада кыргызстандык төрт окуучу жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Кийин кыргыз окуучуларынын атасы жана туугандары балдарды ур-токмокко алган тажик окуучуларынын экөөсүн жана алардын ата-энелерин ур-токмокко алышып, эки тараптан 20-40 чакты тургундар топтолушкан.

Окуя катталгандан кийин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана тиешелүү укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода жетектеген тажик делегациясы менен жолугушуп, маселени жеринде карап, жыйынтыгында эки тарап өз аймактарында түшүндүрүү иштерин жана укук бузукчулукка жол берген жарандарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүргүүзүнү макулдашты.

Учурда чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абал тынч, жагдай укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button