Дүйнө

«Талибан” БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөөнү каалап жатканын билдирди

Афганистандагы бийликти басып алган “Талибан” кыймылы БУУнун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү сурады.

Баш катчынын маалымат катчысы Стефан Дужаричтин 21-сентябрда билдиргенине караганда, Антониу Гутерриш ассамблея ачыларга бир күн калганда, дүйшөмбүдө алардан кат алган.

Талибдер курган өкмөттүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки кол койгон катта жогорку деңгээлдеги дебаттарга катышуу өтүнүчү айтылган. Андан тышкары БУУдагы өкүл катары Мохаммед Сухаил Шахиндин талапкерлиги көргөзүлгөн.

Шахин Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө кыймылдын басма сөз катчысы болчу.

Муттаки мурдагы президент Ашраф Гани 15-августта төңкөрүлгөнүн, дүйнө өлкөлөрү аны “президент деп тааныбай калышканын”, андыктан мурдагы элчи Гулям Исакзай Ооганстандын өкүлү боло албасын белгиледи.

Ошол эле маалда Баш катчы 15-сентябрда Исакзай сессияга катыша турган ооган делегациясынын тизмесин жөнөтүп, анда элчи Афганистандын БУУдагы туруктуу өкүлү катары көргөзүлгөн, — деп кошумчалады Дужарич.

Афганистанга Башкы ассамблеянын акыркы күнүндө, 27-сентябрда сөз берилмекчи. Өлкө атынан ким сүйлөрү белгисиз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button