Дүйнө

Киевде Зеленскийдин жардамчысынын машинесин аткылашты

Киев облусунда белгисиз адамдар президент Владимир Зеленскийдин жардамчысы бараткан машинени аткылашты. Сергей Шефир өзү жабыркаган жок, айдоочусу жарадар болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Украинанын улуттук полициясынын басма сөз кызматы кол салуу шаршембиде эртең менен саат 10:00дөрдө Лесники деген айылдын жанында болгонун билдирди. Машинеге 10 ок атылган, жеринде тергөөчүлөрдүн тобу иштеп жатат. Ок чыгаргандар изделүүдө.

Парламенттин коопсуздук комитетинин төрага орун басары айдоочуга үч ок тийгенин «Интерфакс» маалымат агенттигине айтты.

Ал эми украин ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко машинени токойдон аткылашканын «Фэйсбукка» жазды.

Президент Зеленский өзү БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркто жүрөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button