Окуялар
Тула облусундагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду
Тула облусундагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык 2021-жылдын 23-сентябрында «P-22 «Каспий»» шоссесинде эртең менен катталган. Кырсыктан 1986-жылы туулган эркек жана 1987-жылы туулган аял каза болгон. Экөө тең Кыргызстандын жараны, кырсыктан жалпы төрт адам каза болгон.
Кырсык боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 5-бөлүгү (жол эрежесин бузуу, байкабастыктан экиден ашык адамдын өлүмүнө алып келген) боюнча кылмыш иши козголду.