ИИМ: Тергөө абагына баңгизаттарды киргизүүгө аракеттенген жаран кармалды

2021-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ЖАМКнын түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизаттарды алып кирүүгө аракеттенген 1993-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган. Анын “Шкода Октавиа” үлгүсүндөгү авто унаасынын ичинде эки таңгак табылып, анын ичинде спецификалык жыты бар өсүмдүк тектүү кочкул-гүрөң зат болгон. Аларды, М.А. жаран, бул “гашиш” баңгизаты деп атаган.


Аталган авто унааны мындан ары кароо учурунда, жүк ташуучу жагында целлофанга салынган “Фрима” кургак сүтүнүн эки баштыгы табылган, жакшылап караганда аталган баштыктар жасалма ширетилгендиги аныкталып, алардын ичин ачкан учурда “гашиш” баңгизатына окшош спецификалык жыты бар өсүмдүк тектүү кочкул-гүрөң зат аныкталган.


Окуя болгон жерде алынган заттардын контролдук таразасы жүргүзүлүп, автоунаанын ичинде табылган затынын салмагы 270 гр. түздү, ал эми жүк ташуучу жагындагыныкы “Фрима” баштыктарынын ичиндегисинин салмагы 1 кг 735 гр. түзгөн.
Азыркы учурда, бул фактыга катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоого багытталган бир нече иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


ИИМдин Басма сөз кызматы