Коронавирус жуктургандар азайып, каза болгондор катталган жок. Статистика

Кыргызстанда 1-октябрга карата коронавирус дагы 76 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 42, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 20, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайып чыккан.

Каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 436 бейтап, амбулатордук түрдө 779 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 608 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 305 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.