Коом

ИИМдин Росия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү мекендештеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өздөрүнүн ыйгарымынын чегинде Москва шаарынын аймагына келген мекендештеринин  арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.  Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 2-октябрь күнү Москва шаарында ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү бош убактыларында спорт залдарда машыккан кыргызстандыктар менен жолугушуу уюштурду.

 Спортчулар менен жолугушуу жана маектешүү учурунда ИИМдин кызматкерлери келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо зарылчылыгы жөнүндө эскертишип, кылмыштарды жана укук бузууларды жасоо үчүн жоопкерчилик каралганын айтышты.  Эки же андан көп административдик укук бузуулар үчүн мигранттар “кара тизмеге” кирип, өлкөдөн чыгарылып калышы мүмкүн.

 Биздин айрым жарандар баңгикаражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун  мыйзамсыз сатуу же өткөрүп берүү аракеттерин жасаган учурлары катталып жаткандыгы жөнүндө кабардар болушту.

 Ошондой эле, Москва шаарындагы “Кузьминки”  метросунун жанында болгон улуттар аралык жаңжалга катышкан адамдарга карата аймактык укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришти.  Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мекендештерди зыян тартып калбашы үчүн  ар кандай мыйзамсыз аракеттерден, уруштарга жана топтошкон чыр-чатактарга катышуудан, анын ичинде ар кандай чагымчыл, атайылап жалган билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырышты.

 Чогулгандар менен коомдук тартипти бузбоо жана Россиянын мыйзамдарын сактоо боюнча маектешишти. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, көп сандаган кыргыз жарандарынын келген өлкөнүн мыйзамдарын кайра-кайра бузгандарына байланыштуу, аларга Россия Федерациясынын аймагына кайра кирүүгө тыюу салынган.

 Өз кезегинде, спортчулардын машыктыруучуларын машыккан окуучуларынын арасында  алдын алуу иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүү,     Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жана ИИМдин Өкүлчүлүгү, кыргыз диаспорасы, коомдук уюмдар менен дайыма байланышта болууга чакырды.

Маектешүүнүн жүрүшүндө мекендештердин кызыктырган бардык суроолоруна жооптор берилип, ар кандай укуктук маселелер боюнча кеңештер айтылды. Жаш спортчулар менен жолугушуу, аларга кеңештерди берүү боюнча ушундай  иш-чаралар мындан ары дагы жүргүзүлө тургандыгын билдиришти.

Бардыгына расмий сайттарга жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин социалдык тармактардагы баракчаларына кирип турууга, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ишеним телефондоруна чалууга кеңеш беришти.  Спортчуларды бул иш-чарада алган маанилүү маалыматтарды жакындары жана туугандары арасында, өзгөчө жаштар арасында жеткирүүгө чакырышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button