Коронавируска каршы вакцинаны кимдер жана качан алыш керек? Адистин жообу

COVID-19га каршы эмдөө медициналык каршы көрсөтмөсү жок жарандарга, жарандардын ыктыярдуу макулдугу менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук кардиология жана терапиця борборунун директорунун орун басары Назгүл Өмүрзакова билдирди.

Анын айтымында, эмдөө 18 жаштан жогорку жарандарга жүргүзүлөт.

“Эмдөө күнү бейтап дарыгердин текшерүүсүнөн өтүшү керек. Милдеттүү түрдө жалпы текшерүүдөн жана дене температурасын өлчөө зарыл, эгерде дене табы 37 ° Сдан жогору болсо, эмдөө жүргүзүлбөйт », – деди Өмүрзакова.

Ал белгилегендей, эмдөөнүн экинчи этабы биринчи этаптан 21-28 күн өткөндөн кийин болот. “II компонентти колдонууга каршы көрсөтмөлөр болуп төмөнкүлөр эсептелет: анафилактикалык шок, катуу жалпыланган аллергиялык реакциялар, карышуу синдрому, дене табынын 40 ° Сдан жогору болушу”, – деди ал.