Норвегияда топтошкон элди жаа менен аткан адам беш кишини өлтүрдү

Норвегияда жаа менен куралданган киши беш адамды өлтүрүп, экөөнү жарадар кылды. Полиция кабарлагандай, окуя кечээ, 13-октябрдын түнүндө Кунсберг шаарында болгон. Шектүү дароо кармалган.

Ал адамдар көп топтолгон жерге барып, колундагы жаа менен кишилерди туш келди аткылап, бычак шилтеген.

Кунсбергде 28 миң киши жашайт. Полиция окуяны терроризм катары иликтеп жатат.

Норвегияда 2011-жылы Андрес Брейвик аттуу адам студенттердин лагерине кол салып, 77 өспүрүмдү өлтүргөн.