Жапаров Кербендин шаардык кеңешин таркатты

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо” жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, президент мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына башчы тандай албагандан улам кабыл алган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. Ушул эле күнү өлкө Жогорку Кеңештин депутаттарын да шайлайт.

Мамлекет башчы БШКга шайлоону уюштурууну, ал эми министрлер кабинетине каражат бөлүп, коопсуздугун камсыздап, БШКга жардам берүүнү тапшырган.