УКМК мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганын кармады

УКМК фаркомпаниялардын кызыкчылыгын колдонгон мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганын кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын кошумча коррупциялык фактылары аныкталды

УКМК фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдогон Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү улантууда.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку Ссламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин туугандарынын бири “С.Ж.К.” дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында, министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынды.

Азыркы учурда “С.Ж.К.” карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тергөө аяктаганга чейин КР УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.