Коом

Ноябрь айында аба ырайы кандай болору айтылды

Кыргызгидромет агенттиги ноябрь айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлүүдө.


Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 3…5 градус жылуу, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -1 градус сууктан +1 градуска чейин жылыйт. 

Ай ичинде абанын температурасы күндүз 5…10 градустан  12…17 градуска чейин жылып, бирок кээ бир күндөрү -2ден +3 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…-5° сууктун тегерегинде болуп, күндүз 2…7ден  8…13 градуска чейин жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болору  күтүлүүдө.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15 градуска чейин жылышы мүмкүн. Анткен менен кээ бир түндөрү температура  -6…-11 градуска чейин түшөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 5…10 градус, күндүз 12…17 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

Тоо этектериндеги райондордо -2…+3төн тарта 2…7 градуска чейин жылып, кээ бир түндөрү -3…-8 градуска чейин муздашы мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлүүдө.

Жалал-Абад району

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болору божомолдонууда.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн тарта 5…10 градуска чейин, күндүз 6…11ден башталып, 12…17 градуска чейин жылыйт.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…+1ден 2…7 градуска чейин, күндүз 2…7ден башталып,  8…13 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болот. 

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн тарта 5…10го чейин, күндүз 6…11ден 12…17 градуска чейин жылуу болору божомолдонууда. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +2…+4 градустан  -1…+1ге чейин жетет.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 1…6га чейин жылуу, күндүз 3…8ден 8…13кө чейин жылуу болот. Кээ бир күндөрү облустун чыгыш тарабында түнкүсүн -6…-11 градуска чейин суук болот. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп -1…-3 градуска чейин сууктайт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус суук болуп, кээ бир түндөрү -7…-12 градуска чейин жетиши мүмкүн. Күндүз эң жылуу дегенде 3…8 градуска жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button