Президент шайлоодо диний чакырыктарды колдонбоону эскертти

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоого аттангандарга кайрылып, динди саясатка аралаштырбоону, үгүт өнөктүгүндө диний ишенимди колдонбоону эскертти. Бул тууралуу 21-октябрда Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин республикалык кеңешмесинде сүйлөгөндө айтты.

“Диний баалуулуктар биздин дилибизде болушу керек. Бирок аны саясий куралга айландырбайлы. Бир дагы саясий партия, бир дагы саясатчы шайлоо процессинде динди, диний символиканы, диний терминди же диний чакырыктарды колдонбошу керек. Мен муну шайлоого катышабыз деп каттоодон өткөн партиялардын жетекчилеринен, бир мандаттуу округдардан талапкерлигин койгон жарандардан өтүнөм”, – деди Жапаров.

Президент Конституцияга ылайык, ар бир адамга ой, сөз жана дин эркиндиги берилгенин билдирди жана ар бир адам каалаган динди карманууга же эч бир динди тутпоого укуктуу экенин, мамлекет жарандардын бул укуктарын толук камсыздай турганын белгиледи.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Динге негизделген саясий партия түзүүгө мыйзам жол бербейт.