Бек Борбиев: “Колума гүл. Көп бакыттан калып жүргөн экенмин”

КР эл артисти Бек Борбиев Фейсбук баракчасына бирөөгө гүл берүү кандай бакыт экени тууралуу пикирин билдирип,  күйөрмандарына талкуу жаратты. Ырчынын жазганы коомчулукка жылуу пикирин  жазууга өбөлгө болду.

“Күз деми күндөн күнгө күчкө  толуп жука көйнөктү шибегедей тешип өтүп турат, ооздон бурулдаган ак булуттар ар кайсы жерден бир көрүнүп көрүнбөй абага сиңип жок болууда. Кыйма чийме өткөн автоунаалар бирде шаарга көрк берет десең бирде жүрөктү кысып жибергендей. Мен турган көчөнүн кесилиши борбордун борбору болгондуктанбы айтор дүйнө эли ушул жерде чогулгандай көп.

Колумда бир гүл, бир колумда телефон. Элдин баары эле мени карагансыйт. Дагы мага окшогон гүл көтөргөндөр барбы деп, издейм. Жок, көрүнбөйт. Аа баракелде, мына гүл көтөргөн бирөө келатат. Кандай гана бактылуу көздөр, керемет. Бул гүлдү сулууга ким берди болду экен, эмне болсо да бул жакшы жөрөлгө экен. Мага окшогон жашоодо көп гүл бербеген адамдар үчүн, бирөөгө арнап гүл сатып алуу дагы өзүнчө көңүлгө толкун жаратат турбайбы.

Классташ кызым, эжейибиз менен жолугабыз, гүл ала кел деди эле, ырас эле айтыптыр. Мындан соң такай гүл алып, жакындарга берип турушум керек экен. Гүл тартуу кылам дегендин өзү бактылуулук турбайбы.

Пенде болгон соң ката көп кетиребиз, ошол эң олуттуусу, бул акчага гүл алып ал дечим эле, аттиң. Көп бакыттан калып жургон адам экем

Күүгүм кирип, көчөдө жарыктар күйө баштады. Машинелер да көздөрүн тостойтуп, жылтырашат. Эжейибиз олтурган кафеге кирип баратып толкундап баратам. Кандай болуп калды экен, мектептегидей тилдеп салбайбы деп чоочуп да коем. Элүүдөн өтсөм дагы бирөөгө дале окуучу экенимди туюп, билип баратам

Колумда гүл. Бариктери майда-майда титирегенсип турат, сууктан го…” – деп жазды Борбиев.