Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт

Эртең, 26-октябрда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул “Ала-Тоо” суу берүү жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.

«Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» турак жайларында, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жай ишканаларында суу берүү токтотулат.