Спорт

U23 Дүйнө чемпионаты: Айпери Медет кызы алгачкы атаандашынын далысын жерге басып жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөштү. Алгач бутуна кирип эки упай топтой алды, көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.

Кыргызстандан атынан чемпионатка кыз-келиндер күрөшү боюнча эки спортчу аттанган. Экинчи балбан Назира Марсбек кызы (57 кг) эртең килем үстүнө чыгат.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы коло медаль багындырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button