Спорт

Айпери Медет кызы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнөнүн чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалынан баштап катышты. Башында Эквадордон келген Генесис Вальдес менен күрөшүп, алгач эле бутуна кирип эки упай топтой алды. Көп өтпөй эквадордук спортчунун далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.

Чейрек финалда дагы кыргызстандык спортчу индиялык Бипаша аттуу спортчунун далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишке ээ болду. Ал эми жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык Кайли Рени Велкерди 8:0 эсебинде утуп алды.

Финалда мекендешибиз колумбиялык Татьяна Рентериага каршы чыкты. Эки балбан тең башында бирден упай топтошту. Акыркы мүнөттөрдө Айпери атаандашынын белине өтүп, эки упайды жулуп кетти.

Эскерте кетсек, Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы коло медаль уткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button