Маданият

Казакстандагы эл аралык айтышта кыргыз төкмө акыны Асылбек Маратов баш байгеге татыды

Казакстандагы эл аралык айтышта кыргыз төкмө акыны Асылбек Маратов баш байгеге татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына арналган эл аралык Айтыш-2021 өттү.

Эл аралык айтыш кош байге менен өтүп, Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги жана Алматы облусунун акимчилиги уюштурган.

Баш байге — Асылбек Маратов-Жандарбек Булгаков.

1-орун — Азамат Болгонбаев-Айшолпан Тилеүтай кызы.

2-орун — Кубат Тукешов-Мурадым Мирланов.

3-орун — Амантай Кутманалиев-Жалгас Максүтов.

Кызыктыруучу сыйлыктарды Баян Акматов жана Сырым Ауезхандар алды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button