Жаңыланган Улуттук тарых музейи расмий ачылды

Салтанатта манас айтылып, театрлаштырылган оюн-зоок коюлуп жатат.

Тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Ага жалпысынан 1,5 млрд сомдон ашык каражат жумшалган.

Мурдагы маалыматтарда айтылгандай, ачылгандан кийин 10 күн бою музейге кирүү акысыз болот.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.

Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат экени ачыкталган. УКМК Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.