Бишкекте муз тебүү аянтчасы ачылды

“Локомотив” спорттук ден соолукту чыңдоочу комплексинде 22-ноябрда муз аянтчасынын кыш мезгилине карата салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

“Кыргыз темир жолу” УК” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага ишкананын жетекчилиги, балдар жана ата-энелер катышты.

Салтанаттуу иш–чаранын жүрүшүндө ишкананын башкы директору Азамат Сакиев катышуучуларды жылуу куттуктап, бардыгына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, “Локомотив” хоккей тобу муз аянтчасында өзүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Учурда балдар жана чоңдор үчүн көркөм муз тебүү, хоккей, футбол, бий жана башка секциялар ачык. Муз үстүндө жалпы аянты 1 122 кв.м. түзөт, бир эле учурда 150 адамды батыра алат, 850дөн ашык орундукту камтыйт. Спорт комплексинин негизги милдети – темир жол кызматкерлеринин гана эмес, бардык каалоочу жарандардын эс алуусун уюштуруу жана сергек жашоого колдоо көрсөтүү саналат.

Дареги:Бишкек ш. Осмонова, 1 көч. тел. 0312-92-74-00.