Валентина Шевченконун катышуусундагы “Bruised” тасмасы жарык көрдү

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко тартылган “Bruised” (Көк ала) тасмасы жарык көрдү. Тасманы америкалык “Netfliх” телекомпаниясынын контентине жазылган колдонуучулар көрө алышат.

Тасма буга чейин 2020-жылы Торонтодогу Эл аралык кинофестивалда чектелген форматта көрсөтүлгөн.

Бул тасмада Шевченко “Оскар” сыйлыгынын ээси Холли Берри менен роль жаратат. Тасмада Берри MMA мушкеринин ролун ойнойт. Ал эми Шевченко анын башкы атаандашы болот. Бул тасма 24-ноябрда жарыкка чыкты.

Холли Берри буга чейин тасманы тартуу учурунда Валентина Шевченко анын бир нече сөөгүн сындырганын айткан.