Дүйнө

Москвада мигранттардын санын азайтуу пландалып жатат

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин эми райондук коммуналдык кызматтардагы мигранттардын санын кыскартууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, шаардык коммуналдык ири ишканаларда мигранттар дээрлик жок.

«Учурда коргоо, тазалоо сыяктуу азыраак айлык төлөнгөн кызматтарды сунуштаган мекемелерде мигранттар бар. Бирок ал жакка деле резерв бар деп ойлойм», — деди Собянин.

Буга чейин Москва мэри реновация программасы аркылуу ишке ашып жаткан курулуштарда чет элдик жумушчулардын санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды тартуу үчүн эмгек шарттарын жакшыртууну тапшырган.

Мындай жол менен Москва бийлиги региондордогу россиялыктарды жумуш менен камсыздоону көздөп жатат.

Анткен менен Миграция боюнча эл аралык уюмдун Москва бюросунун башчысы Абдусаттор Эсоев бул кадамдар Россияга жумуш издеп келген мигранттар үчүн тоскоолдук жаратпайт деген ишенимде. Ал пандемия шартында кара жумушта иштеген мигранттарды аймактагы россиялыктар алмаштыра албайт деп эсептейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button