Ош шаарында добуш сатып алууга аракеттенген партиянын мүчөлөрү кармалды

2021-жылдын 26-ноябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекстин 192-берененин (Шайлоочуларды сатып алуу) 1-бөлүмүндө каралган кылмыш курамы менен катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде, Ош облустук Ички иштер ьашкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын натыйжасында, Ош шаарынын аймагында “Альянс” саясий партиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин пайдасына элдин добушун сатып алуу аракеттерин кылып жаткандыгын аныкташкан.

Бул факты  аймактык караштуулугу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекстин 192-берененин (Шайлоочуларды сатып алуу) 1-бөлүмүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул сотко чейинки иштин негизинде, 2021-жылдын 26-ноябрь күнү Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туллган С.К., (аял киши) аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү күбөлөр суралып, топтолгон материалдардын  негизинде С.К., 16 000(он алты миң) сом  акча бергендиги аныкталып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан  уланууда.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы