Кимдер өттү, кимдер калды… Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун бирдиктүү шайлоо округунун алдын ала жыйынтыгы чыкты.

Автоматтык эсептөө үкөктөрдүн маалыматына ылайык, беш пайыздык шайлоо босогону алты саясий партия ашып өттү. Добуштар толук саналып бүтпөгөнүктөн маалыматтар өзгөрүп турат.

Учурда добуштардын 90,02 пайызы эсептелип чыкты. Ага ылайык, алты партия алдыга озуп чыкты:

• “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 16,85%;
• “Ишеним” партиясы — 13,53%;
• “Ынтымак” партиясы — 10,87%;
• “Альянс” партиясы — 8,25%;
• “Бүтүн Кыргызстан партиясы — 6,76%;
• “Ыйман Нуру” партиясы — 6,02%.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жалпы 2 миң 494 шайлоо участогу түзүлүп, анын ичинде 59 шайлоо участогу чет өлкөлөрдө, 2 миң 435 тилкеси өлкө аймагында түзүлгөн.