Окуялар

Инстаграммдан таанышкан. 16 жашка жетелек кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрь күнү Сокулук РИИБүнө Новопавловка айылынын жашоочусу 1984-жылы туулган А.Ж. арыз менен кайрылып,  2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын май айына чейинки убакыт аралыгында анын 2006-жылы туулган жашы жете элек кызын 1995-жылы туулган С.К. аттуу жаран зордуктаганын билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Териштирүү иштеринин алкагында жабырлануучу 2006-жылы туулган Б.А. мыйзамдуу өкүлү жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда суралып, ал жогорудагы бала менен «Инстаграмм» социалдык түйүнү аркылуу таанышып, алар 6 ай сүйлөшүп жүрүшкөнүн айтып, ошол учурда жыныстык катнашта болушканын билдирген. Кийин ал бала башка кызга үйлөнүп алганда, болгон окуя тууралуу апасына билдиргени маалым болгон.

Милиция кыззматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында 1995-жылы туулган С.К. кармалган. Ал жогорудагы кыз менен социалдык түйүндөрдүн биринен таанышып, сүйлөшүп калышканын айтып, алардын ортосунда өз эрки менен жыныстык катнаш болгонун билдирген.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button