Бишкекте троллейбус жүргүнчүлөрүн Аяз ата менен Аяз кыз куттуктоодо

Бишкекте троллейбус жүргүнчүлөрүн эми Аяз ата менен Аяз кыз коштоп, келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мындай акцияны муниципалитет шаар тургундары менен коноктордун маанайын көтөрүү максатында уюштурган.

“Аяз ата менен Аяз кыз алгач 11-маршрут менен каттаган троллейбуска түшкөн. Алар жүргүнчүлөргө ыр, бий тартуулап, сынак уюштурушкан. Балдар ыр айтып белек алышты”, — деп айтылат маалыматта.

25-декабрдан тарта Жаңы жыл каармандары автобус жүргүнчүлөрүнүн да көңүлүн ача турганы кошумчаланды. Акция 31-декабрга чейин уланат.