Спорт

ИИМ: Спорт – милиция кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүнүн маанилүү бир бөлүгү

Ички иштер органдарынын түзүмүндө ар тараптуу кесиптердин жана адистиктердин ээлери кызмат өтөшөт. Бирок бардыгы үчүн өзгөчө дене тарбия даярдыгы-ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күжүрмөн кесиптик даярдыктын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.

Милиция кызматкерлери республикалык мелдештерге гана катышпастан, эл аралык чемпионаттарда да Кыргыз милициясынын намысын коргоп келишет.

Алсак, 2021-жылдын 3-9 январында “Наристе — 2021” Эл аралык турнир болуп өткөн. Эл аралык деңгээлдеги турнирдин жыйынтыгы менен Ички иштер министрлигинин курама командасы ардактуу 1-орунга ээ болду.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери туруктуу негизде кызматтык спорттун көптүк түрү боюнча, волейбол, самбо, күрөш, кичи футбол чемпионаттарында жана биринчиликтеринде катышышат.

Ал эми, 2021-жылдын сентябрь айында  Ысык-Көл облусундагы “Каприз” эс алуу борборунда “Азия аймагында кызматташтык жана тынчтык” аттуу ураан менен ХХ Ысык-Көл спорттук оюндары уюштурулуп, ага Ички иштер министрлигинин кызматкерлери катышышкан. Мелдештин жыйынтыгында, ИИМдин курама командасы жалпы 56 грамота, 54 медаль жана 5 кубок менен сыйланышты.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 15-21-сентябрь күндөрү Түркия Республикасында Мас-рестлинг Дүйнө кубогун ойнотуу боюнча спорттук оюн өткөрүлүп, анда милиция кызматкери 1-орунга ээ болгон. Дагы бир милиционер Россия Федерациясынын Москва шаарында “Дүйнөнүн алтын кубогу” чемпионатында 1-орунга ээ болду, ошондой эле эрежесиз мушташ боюнча өткөн биринчилигинде 3-орунду ээлеген. Аны менен бирге, Россиянын Башкортостан Республикасынын Октябрь шаарында кыргыз күрөш боюнча Дүйнө кубогу ойнотулуп, 75 кг салмак категориясында милиция кызматкери 1-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, милиция кызматкерине спорт командалык биримдикти, ар-намыстыкты, жеңишке болгон эркти,  күнүмдүк жумушта иш алып баруу учурунда керек болгон көптөгөн сапаттарды  чыңалтат.

Биздин спортсмендердин ийгиликтери жөн гана жогорку жыйынтыктар эмес, бул болсо жалпы укук коргоо органдарынын кызматынын коомдогу аброюн жогорулатуу болуп эсептелет.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button