Коом
2 миллион сомго курулган даараткананын ачылыш аземи. Сокулуктун акимине сөгүш берилди

Сокулуктун акиминин орун басары Самаган Мурсалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды. Мындай чечимди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алды.
Буга 2 миллион сом каражат сарпталып курулган мектептин ажатканасы себеп болгон. Кечээ, 10-январда Сокулукта мектептин ажатканасы ачылып, анын курулушуна дээрлик 2 миллион сом сарпталган.



