Саясат

Алматы шаарынан Кыргызстанга 150 жаранды алып келүү уюштурулду — ТИМ

2022-жылдын 11-январына карата Алматы шаарынан Кыргызстанга 150 жаранды алып келүү уюштурулду. Арасында студенттер, кичинекей балдар жана кары-картаңдар бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жарандарга автобус бөлүнүп берилген. Алар “Ак-Жол” бекетине келип, андан ары Бишкек мэриясы тарабынан даярдалган транспорт аркылуу борбор калаага келет.

“Казакстан тарап менен буга чейин кармалган кыргызстандык З. Юбуров, А. Хуров, А.Р. Жишанло, И.Мачону бошотуу макулдашылды. Ал эми соцтармакта Шымкент шаарында Баялы Төрөгелдиев сурак берүүдө сабылып, оор абалда жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Төрөгелдиев менен министрлик байланышта, ал аман-эсен үйүндө”, — деп айтылат маалыматта.

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465

КРнын Нур-Султан шаарындагы элчилиги

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009;

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

+7 (777) 037-14-48

+7 (777) 815-00-72.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button