Ырчы Асел Кадырбекова көзүнө операция жасатат. Хирургиялык кийлигишүү Түркияда жасаларын ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Белгилүү болгондой, Асел Кадырбекова Түркияга медициналык кароодон өтүүгө барды. Текшерүүдөн өткөн ырчы бүгүн, 12-январда операция болорун белгиледи.
Белгилей кетсек, Асел Кадырбекова 2020-жылы жол кырсыгына кабылгандан тарта ден соолугун калыбына келтирип жүрөт.
Эскерте кетсек, 2020-жылы 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.