Акылбек Жапаров КРнын эл аралык уюмдардагы элчилери жана өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы жана башкы консулчулуктардагы элчилери жана туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө министрлер кабинетинин учурдагы милдеттерин ишке ашырууга, өлкөнүн чет жердеги мекемелеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы чет өлкөлөрдө өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, чет өлкөлүк инвестицияларды, технологияларды жана билимдерди тартуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү, туристтик агымды жогорулатуу, максаттуу экологиялык фонддордон, чет өлкөлүк өнөктөш өлкөлөрдөн, көп тараптуу финансылык институттардан эл аралык климатты каржылоону тартуу боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

«Жогорудагы милдеттерди ишке ашыруу сиздердин ишиңиздердин негизги, чечүүчү көрсөткүчтөрүнүн бири болууга тийиш. Ишти реалдуу жыйынтыктарга умтулуу менен натыйжалуу жүргүзүү керек. Албетте, республикада буга катар инвестициялык жана ишкер климатты жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүшү зарыл. Министрлер Кабинети өлкөдө бизнес климатты жакшыртуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бардык чараларды көрүүдө», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Кеңешменин жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин жана чет жердеги мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.

Акылбек Жапаров алардын иши үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө ийгиликтерди каалады.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга чет жердегти мекемелерге коюлган милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөтүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.