Волкодавга “Маданияттын мыкты кызматкери” наамы жана 100 миң сом берилди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Россиянын “Голос” долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолукту. Бул тууралуу министрлик кабарлады.

Жаманкулов ырчыны жеңиши менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалаган. Ошондой эле Волкодавга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин жана министрлер кабинетинин атынан 100 миң сом акча каражатынын сертификатын тапшырды.

“Александр алдыда чыгармачылык менен тынымсыз иштей турганын, Пелагеянын тобунда гастролдор пландалып жатканын жана буга байланыштуу иш графиги тыгыз болорун билдирди. Бирок Кыргызстан дайыма көңүл борборунда болорун, байланышты үзбөй турганын белгиледи. Чыгармачыл адамдарга колдоо көрсөтүп, дем берүү абдан маанилүү экенин айтып ыраазы болду”, — деп жазылган маалыматта.

Министр сүйлөшүү учурунда ырчыга Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш салтанатына катышуу сунушун айтып, аны ар тараптан колдоого даяр экендигин белгилеген.

Эске салсак, 32 жаштагы кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиянын “Голос” теледолбоорунда жеңүүчү болгон. Ал башкы таймашта казакстандык Алишер Каримов, Ернар Садирбаев жана россиялык Элина Панды артта калтырган. 13-январда мекени Кыргызстанга келип, күйөрмандары аба майдандан тосуп алган.