17-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
2022-жылдын 17-18-19-январында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, — деп маалымдайт Кыргызгидромет борбору.
17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда 17-18-январь күнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Эртең, 17-январда абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Ал эми Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11 градуска жетет.
Баткен облусунда болсо түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10 градус болот.
Борбор калаабыз Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 5…7 градус болот.