Түркмөнстанда карантин чаралары катуу киргизилди. Эли буга ишенбей турат
Түркмөнстанда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди. Базарлар, соода борборлору, ресторандар жабылып, бир гана азык-түлүк дүкөндөрүнүн ишине уруксат берилди.
Соода борборлору, базарлар, мейманкана жана дүкөндөр карантинге жабылганын Ашхабад тургундары 15-январь күнү эртең менен билишти.
«Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Анткени шаардагы маданий-оюн зоок борборлору жума күнү кечке чейин иштеп жаткан, ишембиде баары жабылып калды. Мекеме жумушчулары карантин жарыяланганын ишемби күнү таң эрте жумушка чыкканда билишти. Жаңы чектөөлөр февралга чейин сакталат», — деди шаар тургандарынын бири.
Борбор калаада театр менен концерттик залдар да жабылды.
15-январда Түркмөнстандын башка аймактарында да карантиндик чектөөлөр жарыяланганы белгилүү болду.
«Аймактар да толук жабылды. Мары облусуна кирип-чыгуу чектелди. Жашоочулардын айтымында, карантин шылтоо гана, бийлик көтөрүлүштөн коркуп жатат», — деди Мары облусунун тургуну.
Түркмөнстан бийлиги азыркыга чейин өлкөдө коронавирус жуктурган учур каттала электигин айтып келет. Эл расмий маалыматка ишенбейт. 2021-жылдын октябрь айында «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы өлкөдө коронавирустан кеминде 25 миң киши кайтыш болгонун билдирген.