Алтындын кору декабрда 5,9 млрд. сомго өстү

Былтыркы жылдын декабрь айында Улуттук банктын маалыматы боюнча алтындындын корунун баасы 5 миллиард 857,5 миллион сомго өстү.

1-декабрга карата наркы 44 миллиард 301,6 миллион сомду түзгөн. Бирок январда жогорулап, 50 миллиард 159,1 миллион сомго чыкты.

Эске салсак, былтыркы жылдын башында алтынды запасы 84,7 миллиард сом деп бааланган, андан көп өтпөй бир аз түшүп кеткен. Ал эми майдын башына карата рекорддук көрсөткүчкө, 99 миллиардга чыккан. Сентябрдын башында 29 миллиард сом болуп калган. Андан соң жогорулап отуруп 40 миллиардга жетип, кайра олку-солку боло баштаган.

Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп турганга мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан, CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтындан турат.