Окуялар

Жумгалда 25 жаштагы жигит өзүнүн короосунан асынып каза болду

Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылында эркек киши өзүнүн короосунда асынып каза болду. Бул тууралуу  Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 14-январда саат 14:00 чамасында Жумгал районунун 1996-жылы туулган тургуну М.А. үйүнүн мал короосунда асынып каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонулган белгилер байкалган эмес. Маркумдун жакын туугандары эч кимге эч кандай арыз-дооматы жок экендигин билдиришкен.

Бул факты боюнча учурда Жумгал РИИБи тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button