Кара-Балтада 4 кыз өз жанын кыюуга аракет жасашты

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 4 кыз өз жанын кыюуга аракет жасашты. Алар ашыкча өлчөмдө дары ичишкен дешет облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.
Белгилүү болгондой, 19-январда болжол менен саат 19:22 чамасында аймактык оорукананын «Тез жардам» кызматынан милицияга билдирүү түшкөн.
«Анда Кара-Балта шаарынын 1987-жылы, 1995-жылы, 1996-жылы, 1998-жылы туулган тургундары дары-дармекке уулануу, суицид жасоого аракет кылуу менен бейтапканага түшкөнү кабарланды. Жабырлануучуларга биринчи жардам көрсөтүлүп, андан кийин аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болду.
Бул факты Жайыл РИИБи тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери жүргүзүлө баштаган.
Ал эми оорукананын дарыгери суицидге аракет кылган келиндердин абалы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
«Аймактык оорукананын «Тез жардам» кызматына чакыруу түшкөн. Анда күнүмдүк ижарага берилүүчү батирдеги 4 кыз дары ичип алышканы белгилүү болуп, өмүрлөрүнө коркунуч жаралбашы үчүн оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Кыздар парацетамол ичишкен. Жандандыруу бөлүмүнөн экөөнүн ичегилери тазаланды. Калган экөө баш тартышты. Тиешелүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин кыздар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — дешти ооруканадан.



