Окуялар

Жалал-Абадда «Вертекс Голд Компани» ишканасынын эки кызматкерин кар көчкү басып калган

Жалал-Абад облусундагы Кара-Буура-Чаткал унаа жолунда «Вертекс Голд Компани» ЖАКнын жумушчулары карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда кар көчкү түшүп, 2 кызматкерди басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, куткаруу иштерине компаниядан 5 жүктөгүч, 1 экскаватор жана 100гө жакын кызматкер, ӨКМден 5 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 17:30дар чамасында 1 эркек кишинин, саат 19:15тер чамасында дагы 1 эркек кишинин сөөгү табылган. Аты-жөндөрү такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button