Пайдалуу кеңештер

Тамекини таштаган кишинин организми канча убакта калыбына келет? Адистин пикири

Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин Госпиталдык хирургия кафедрасынын кызматкери Евгений Зинченко чылым чекпей калгандан кийин организм канча убакытта калыбына келерин айтты. Дарыгердин пикирин «Прайм» агенттиги жазды.

Хирургдун айтымында, чылымды таштоо менен ден соолукту бир топ жакшыртып алса болот.

«Акыркы чылымды чегип бүткөндөн кийин бир нече мүнөт өткөн соң кан басымы менен пульс калыбына келе баштайт. Алгачкы суткада кандагы уулуу газдар азайып, кычкылтек көбөйгөнү билинет. Ал эми бир нече күн өткөн соң жөнөкөй тамак деле өтө даамдуу сезилип калат. Анткени даам жана жыт сезүү рецепторлору калыбына келип, табит жакшырат», — деди хирург.

Тамекини таштаганына үч ай болгон адамдын кан айлануусу жакшырат. Мунун арты менен жөтөл азайып, демдин кысылуусу жоголот. Ошондой эле жүрөк оорулары жана инсультка кабылуу тобокелдиги эки эсеге азаят.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button