Коом

27-январга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору 27-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 27-январда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Ысык-Көл облусунда 1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10, Талас облусунда +2…+7, Нарын облусунда -2…-7 градус суук болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +6…+ 8 градуска жетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button