Маданият

Анталиядагы Чыңгыз Айтматов паркына жазуучунун айкели орнотулду

Түркиянын Анталия шаарынын Муратпаша аймагындагы Чыңгыз Айтматов атындагы паркка залкар жазуучунун айкели орнотулду. Бул туурасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Урмат Усенов тарабынан белгилүү болду.

«Чыңгыз Айтматов атындагы паркка айтылуу жазуучунун айкели орнотулуп, салтанаттуу ачылышы уюштурулду. Долбоордун ишке ашуусуна көмөктөшкөн бардык себепчи инсандарга ыраазычылык билдирем. Мен үчүн мындай дүйнөлүк деңгээлдеги, атагы ааламды аралаган, улуу инсандын саамалыгына күбө болуу чексиз сыймык. Түрк боордошторубуздун Айтматовго болгон сый-урматы бүтүндөй кыргызга кылган бир туугандыгы», — деди ал.

Айкелди орнотуу журналист Барно Усманованын демилгеси. Ал эми эстеликти скульптор Бообек Арыковжасаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button