Маданият
Ак калпак майрамы Бишкектин «Ынтымак-2» сейил багында өткөрүлөт

Борбор калаада 5-мартта Ак калпак жана улуттук кийимдердин күнү белгиленет. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Майрамдык иш-чара шаардын «Ынтьмак-2» сейил багында уюштурулат. Анда жөө жүрүш, «Калпак бий» аталышындагы флешмоб болору күтүлүүдө.
Ошондой эле «Кыргыздардын салттуу кийими» үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер-класстар тартууланып, концерттик программа менен коштолот.



