Коом

ИИМдин Ички аскерлеринде Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанатту иш-чара болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгында Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарында жайгашкан Ички аскерлердин командачылыгынын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер айымдары катышты. Айымдарды куттуктоо иш-чарасы куттуктоо слайды менен башталды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысынын милдетин убактылуу аткаруучу полковник Дамир Алыбаев аскер айымдарын келе жаткан майрамы менен куттуктады. «Ата-Мекенди коргоочу кесип эбак эле эркектерге гана эмес, аялзатына да таандык болуп калган десем жаңылышпаймын. Ички аскерлердин аскер айымдары да мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошуп келишүүдө. Аялзаты ар дайым тырышчаактык жана жоопкерчилик менен айырмалып келет. Сиздер өз милдеттериңизге абийирдүү мамиле жасоо менен, аскер кызматында  ээлеген ордуңуздар эбегейсиз мааниге ээ», — деди өз сөзүндө полковник Дамир Алыбаев.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Ички иштер министринин жана Ички аскерлердин колбашчысынын буйругу менен бир катар аскер айымдары медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.

Белгилей кетсек, Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чаралар ИИМдин Ички аскерлеринин бардык аскер бөлүктөрүндө өткөрүлүүдө, — деп билдирди ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button